• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда курал-жарактарды жана ок-дарыларды сатууга бир айга тыюу салынат

Коом 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда 10-августтан тарта мергенчилик дүкөндөрүндө курал-жарак жана ок-дарыларды сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай билдирүүнү бардык мергенчилик дүкөндөрүнүн ээлери алышкан.

“Мындай чечим 2-8-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитин өткөрүүгө байланыштуу кабыл алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Тыюу салуу 10-сентябрга чейин күчүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий