• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда курч респиратордук инфекциялар менен ооругандардын саны бир кыйла көбөйдү

Ден соолук 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук инфекциялар менен ооругандардын саны бир кыйла көбөйгөнү белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында курч респиратордук инфекциялар менен катталгандардын саны август айында 11,9 миң учур болсо, октябрь айында 31,3 миң учурга көбөйгөн.

Нет описания.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында, курч респиратордук инфекциялары менен катталган оорулардын учурлары эң көп үлүшү Бишкек шаарына (ооругандардын жалпы санынын 41%дан ашыгы), Чүй облусуна (25%ке жакыны) жана Ысык-Көл облусуна (13%дан ашыгы) туура келди.

Октябрь айында калктын 100 миңине карата оорулардын саны сентябрь айына салыштырганда 2,3 эсеге, августка салыштырганда 2,6 эсеге көбөйдү.

Курч респиратордук инфекцияларга чалдыккандардын саны 2021-жылы 100 миң калкка
(учурлар)

Нет описания.

Нет описания.

Курч респиратордук инфекциялар менен ооруган балдардын жалпы санында эң көп үлүшү 0 жаштан 14 жашка чейинки курактагылар арасында байкалган, алардын негизги бөлүгү Бишкек шаарына (36%), Чүй облусуна (25%) жана Ысык-Көл облусуна (14%).

Пикир

Оставить комментарий