• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда курулуш материалдарына болгон баанын өсүшү уланууда

Экономика 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда курулуш материалдарына болгон баанын өсүшү уланууда, - деп маалымдайт Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айына карата цементке болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 50 кг үчүн 306,67 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу дээрлик 9 пайызга өскөн, ал эми кирпичтин баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1000 даана үчүн 7 262,69 сомду түздү же 14 пайызга өстү.

Муну менен бирге, цементке Чаек айылында (50 кг үчүн 374,97 сом), Кербен (50 кг үчүн 369,46 сом), Токтогул (50 кг үчүн 356,64 сом) шаарларында максималдуу чекене баалары түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Өзгөн шаарында (50 кг үчүн 274,95 сом), Покровка айылында (50 кг үчүн 280,00 сом), Ош шаарында (50 кг үчүн 280,99 сом) жана Бишкек шаарында (50 кг үчүн 297,77 сом) катталды.

Кирпичке карата чекене баалар Токмок (1000 даана үчүн 13 228,76 сом), Нарын, Баткен, Талас (1000 даана үчүн 10 000,00 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Кербен шаарында (1000 даана үчүн 2 698,15 сом), Кара-Суу шаарында (1000 даана үчүн 2 978,09 сом) жана Токтогул шаарында (1000 даана үчүн 4 500,00 сом) байкалды.

Цементке болгон баанын өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу эң жогору Кара-Балта шаарында - 22,2 пайызга жана Покровка айылында - 21,7 пайызга өсүшү катталды, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана - 30,8 пайызга жана Бишкек шаарларында - 21,9 пайызга өстү.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий