• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда курулуш материалдарынын баасы 10,5 пайызга жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жылдын майына салыштырмалуу турак жайларды оңдоо үчүн пайдаланыла турган материалдарга карата баалар 10,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын майында өткөн жылдын майына салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын баалары жалпы республика боюнча 4,2 пайызга жогорулады.

Ушул топтун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири, ушул мезгилдин ичинде алар 10,5 пайызга кымбаттаган, турак жайларды күтүү жана оңдоо материалдары саналат. Муну менен бирге, кирпич - 17,0 пайызга, кесилген жыгач материалдар - 15,6 пайызга, шифер - 15,2 пайызга, цемент - 10,4 пайызга эң көп кымбаттаган материалдар болуп белгиленген.

Айрым аймактарда кирпичтин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты. Баалардын эң жогорку деңгээли (1000 даана үчүн - 10 000 сом) Нарын жана Талас облустарында байкалды. Кесилген жыгач материалдары Баткен (19 313 сом - куб.м.) жана Жалал-Абад (18 135,2 сом - куб.м.) облустарында олуттуу кымбаттаганы катталды.

Пикир

Оставить комментарий