• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда куткаруучулардын кесиптик майрамы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек,01.07.19. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда куткаруучулардын кесиптик майрамы белгиленүүдө. Ага карата бүгүн, 1-июлда Ош шаарында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

ӨКМден кабарлашкандай, иш-чарага министрликтин жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өздүк курам, ардактуу ардагерлер жана коноктор катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш-чараны ачып, жалпы куткаруучуларды куттуктады.

“Урматтуу куткаруучулар, Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыныздар менен куттуктап жатып, татаал жана сыймыктуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалап, бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөр менен бакубат узак өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин. Эли-жерибизди коргоодо эмгегиңиздер жемиштүү болуп, кыргыз элинин сиздерге болгон алкышы артып, батасы тийсин!”, - деди министр Н.Мирзахмедов.

Иш-чаранын алкагында ӨКМдин алдыңкы кызматкерлери министрликтин Ардак грамотасы, төш белгилери менен сыйланышкан.

Пикир

Оставить комментарий