• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда кычкылтек концентраторуна болгон көйгөй жок - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга жасалма дем алдыруучу 176 аппарат келип түштү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпы өпкөнү жасалма дем алдыруучу 573 аппарат бар. Анын 270и Бишкекте, калгандары аймактарга бөлүштүрүлгөн.

“Коронавирус башталган күндөн баштап 220 аппараттын жетишсиздиги айтылган. Бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу 176 аппарат ар кайсы жактан келип түштү. Ошондой эле 1 миң 200 кычкылтек концентратору, 2 миң пульсоксиметр жана жеке коргонуучу каражаттар сатылып алынган”, - дейт ал.

Боронов өлкөгө гуманитардык жардамдар аркылуу да медкаражаттар келип жатканын айтты.

“Учурда 4 миңден ашык кычкылтек концентратору бар. Эртең дагы 400 аппарат келет, ал эми Кытайдан жакынкы аралыкта 500 концентратордун келери күтүлүүдө. Кыргызстанда кычкылтек концентраторуна болгон көйгөй жок”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий