• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы дээрлик жарымына төмөндөдү – статистика

Экономика 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Республикада дан эгиндерин чаап-жыйноо аяктады, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата 577 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 1,4 миллион тонна дан (алгачкы кабыл алынган салмакта) же 29 пайызга аз бастырылды.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады. Мында, буудайдын дүң жыйымы өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 42,%га, арпанын - 46,%га кыскарды.

Мындан тышкары, май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы - 25,4%га, кант кызылчасы - 19%га, бакча өсүмдүктөрү - 14%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 3,9%га, дан жүгөрү - 3,3%га, картошка - 2,9%га жана жашылчалар — 1,3%га төмөндөдү.

Пикир

Оставить комментарий