• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда кылмышы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн 9 жаран Россиянын аймагынан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда кылмышы үчүн эл аралык издөөдө жүргөндөр Россиянын аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынып, учурда РФнын аймагында жашырынып жүргөн жарандарды аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Ички иштер органдары жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылуусун камсыздоого багытталган иштерди жүргүзүүдө.

Акыркы бир ай ичинде КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгүнүн жигердүү жардамы менен Россиянын укук коргоо органдары тарабынан ар кандай кылмыштарды жана укук бузууларды жасагандыгы үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн 9 адам кармалды.

Ноокен районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну (аял киши) 1987-жылы туулган Ж.Н.нын жүргөн жери аныкталды. Ал 2015-жылы КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Ири өлчөмдө алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн (1997-жылдагы кодекс) козголгон кылмыш иши боюнча 2018-жылдын январь айынан бери издөөдө жүргөн. Ал РФнын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Ири өлчөмдө алдамчылык кылмышы үчун лл аралык издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1972-жылы туулган тургуну Ш.М., Жалал-Абад облусунун тургуну 1982-жылы туулган Г. А., Ош облусунун тургуну 1988-жылы туулган К.А.лар кармалышып, аларды мекенине экстрадициялоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле 2020-жылдын ноябрь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Нарын облусунун тургуну 1983-жылы туулган С.Б.нын жашаган жерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Москва шаарында кармалган. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 210-беренесинин 1-бөлүгү ("Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн.

2019-жылдын октябрь айында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну 1965-жылы туулган Д.А.нын өздүгү такталып, кармалган жана камакка алынган. Сузак РИИБ тарабынан 2018-жылы КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Ири өлчөмдө уурулук") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан коңшу өлкөнүн жараны, Баткен облусунун тургуну 1966-жылы туулган М.И. кармалган. Ал 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 3-бөлүгү ("Ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн.

Чүй районунун тургуну 1982-жылы туулган Ж.У.нын жүргөн жери аныкталган. Ал 2021-жылдын июнь айында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча издөөгө алынган.

2021-жылдын июнь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны 1990-жылы туулган К.Х. кармалган. Ал 2020-жылдын январь айынан бери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда ("Куралды же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен тоноо") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Ош облусунун Өзгөн районунун ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн.

Аталган фактылар боюнча бардык кармалган адамдарды өз мекенинде жасаган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. КР ИИМинин РФдагы өкүлчүлүгү Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн, укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий