• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда кыргыз-япон колледжин ачуу сунушталды

Билим 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда кыргыз-япон колледжин ачуу сунушталды. Мындай сунушту билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев USM Resources компаниясынын директору Шигео Накамура менен жолугушууда айтты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар жолугушууда эки тарап кыргыз-япон билим берүү тармагы тууралуу кенен пикир алмашып, бул багытта биргеликте иш алып барууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Каныбек Иманалиев Япония технологиянын державасы экендигин баса белгиледи. “Компания өз ишмердүүлүгүндө колдонгон технологиялык ийгиликтерин биз менен бөлүшүп жатканы сый-урматка татыйт, биз да сиздер менен тыгыз кызматташууга ачыкпыз”, - деди министр.

Ошондой эле министрлик И. Раззаков атындагы КМТУнун базасында кыргыз-япон тоо-кен геологиялык факультетин ачууну жана кыргыз-япон колледжин ачууну сунуштады.

Тараптар жолугушуу жемиштүү болгондугун белгилеп, билим тармагында кыргыз-япон кызматташуусу приоритеттүү багыттардын бири экенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий