• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда "Kyrgyz Tourism Awards – 2019" сынагы башталды. Арыздар кабыл алынууда

Коом 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда "Kyrgyz Tourism Awards – 2019" сынагы башталды. Арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Сынактын максаты – туризмди өнүктүрүү, көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жакшыртууга түрткү берүү, туризм тармагындагы жетишкендиктерди жана тажрыйбаларды пропагандалоо.

"Сыйлыктар 17 наам боюнча берилет. Алардын ар бири боюча сыйлыктар, диплом, өкмөттүн ардак грамотасы тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.

Наамдар:

1. Мыкты жаңычыл долбоор;

2. Окуялуу туризм боюнча мыкты долбоор;

3. Мыкты интернет долбоор;

4. Мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк;

5. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мыкты долбоор;

6. Мыкты туристтик оператор;.

7. Мыкты конок үйү;

8. Мыкты мейманкана;.

9. Мыкты туристтик комплекс;

10. Мыкты окуу жайы;

11. Мыкты жай;

12. Мыкты гид;

13. Мыкты сүрөтчү;

14. Мыкты санаториялык-курорттук мекеме;

15. Мыкты боз үй шаарчасы;

16: Туризмди чагылдырган мыкты ата мекендик ММК;

17. "Жыл адамы" атайын сыйлыгы (туризмдин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон жарандарга).

Арыздар 10-сентябрга чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы Дүйнөлүк туризм күнүнө – 27-сентябрга карата белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий