• 84.8
  • 94.98
  • 1.07

Кыргызстанда "Kyrgyz Tourism Awards – 2019" сынагы башталды. Арыздар кабыл алынууда

Коом 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Туризм департаменти "Kyrgyz Tourism Awards – 2019" улуттук сыйлыктардын сынагын өткөрүүдө.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдиргендей, бул жылдан тарта сынак жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

"Туризмдин өнүгүшүнө салым кошкон долбоорлор ачык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аталат", - деди ал.

Сынактын максаты – туризмди өнүктүрүү, көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жакшыртууга түрткү берүү, туризм тармагындагы жетишкендиктерди жана тажрыйбаларды пропагандалоо.

Кенжематованын пикири боюнча, бул демилге Кыргызстандын атын дүйнөгө чыгарууга, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу үчүн түрткү болот.

"Сыйлыктар 17 наам боюнча берилет. Алардын ар бири боюча сыйлыктар, диплом, өкмөттүн ардак грамотасы тапшырылат", - деди ал.

Наамдар:

1. Мыкты жаңычыл долбоор;

2. Окуялуу туризм боюнча мыкты долбоор;

3. Мыкты интернет долбоор;

4. Мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк;

5. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мыкты долбоор;

6. Мыкты туристтик оператор;.

7. Мыкты конок үйү;

8. Мыкты мейманкана;.

9. Мыкты туристтик комплекс;

10. Мыкты окуу жайы;

11. Мыкты жай;

12. Мыкты гид;

13. Мыкты сүрөтчү;

14. Мыкты санаториялык-курорттук мекеме;

15. Мыкты боз үй шаарчасы;

16: Туризмди чагылдырган мыкты ата мекендик ММК;

17. "Жыл адамы" атайын сыйлыгы (туризмдин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон жарандарга).

"Арыздар 10-сентябрга чейин кабыл алынат. Жыйынтыгы Дүйнөлүк туризм күнүнө – 27-сентябрга карата белгилүү болот", - деди Кенжематова.

Пикир

Оставить комментарий