• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда кышкы дөңгөлөгү жок унааларды ашуулардан өткөрбөө сунушталды

Коом 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кышкы дөңгөлөгү жок унааларды Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларынан өткөрбөөнү сунуштады.

Анын айтымында, Транспорт министрлиги жана тиешелүү органдар өкмөткө сунуш киргизиши керек.

“Европа өлкөлөрүндө эгер унаанын дөңгөлөктөрү эскирген болсо, анда айдоочулар ар кайсыл убакта айыпка тартылат. Мындай тажрыйба Совет мезгилинде да болгон жана бул жакшы практика. Мындай ыкма көп жол кырсыктарынын алдын алууга жардам берет. Ушундай мыйзам долбоорун киргизүү зарыл”, - деди Боронов.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Билим берүү министрлигинин күз-кыш мезгилине начар даярдыгын белгилеп өттү. Ага Билим берүү мекемесинин инфраструктура бөлүмүнүн башкы адиси жооп берип, мектептерди көмүр менен камсыз кылуу жергиликтүү бийликке тиешелүү экендигин билдирди. "Жалпысынан ведомство мекемеси күз-кыш мезгилине 76% даяр", - деп билдирди Билим берүү министрлигинин адиси.

Боронов министрликтин жетекчилеринин бири дагы жыйынга катышпагандыгына таң калды.

Биринчи вице-премьер-министр Билим берүү министрлигинин жетекчилигине күз-кыш мезгилине болгон начар даярдыкка күнөөлүүлөрдү таап, сунуш киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий