• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон ачылат

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чүй облусундагы "Ак-Түз" тоо лыжа базасында ачылат.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу "Ак-Түз" былтыр ачылган жаңы база экендигин билдирди.

Максат Дамир уулу маалымдагандай, Кыргызстанда 22 тоо лыжа базасы бар, анын ичинен болгону 16сы иштейт. Жакынкы келечекте тоо лыжа базасын өлкөнүн түштүгүндө да ачуу жана өнүктүрүү пландалууда. Алсак, Алай районунда.

Чүй облусунун Кемин районундагы "Ак-Түз" тоо лыжа базасынын директору Максат Садыров билдиргендей, жаңы базада максималдуу түрдө ар кандай бийиктиктеги эңкейиштер бар.

undefined

"Бизде балдар жана чоңдорго арналган атайын эки жол бар. Көпчүлүгү лыжаны эч ким тебе элек жолдон тепкенди жакшы көрөт. Башкача айтканда, балатылардын арасында. Мындай көрүнүш Европада кеңири жайылган. Free ride жана Skip Tour биздин уникалдуулугубуз боло алат", - деп билдирди ал.

Иш-чара 21-декабрда саат 10:0дө болот. Бардык каалоочулар үчүн Бишкектен атайын транспорт уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий