• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Спорт 0


Бишкек, 17.12.22. /Мээрим Болотбекова - Кабар/. Кыргызстанда 2022-2023-жылкы кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бүгүн Бишкектин жанындагы «ЗИЛ» лыжа базасында кышкы сезондун салтанаттуу ачылышы болду.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурду.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары, ата мекендик өнөктөштөр, туристтер катышты.

Эдил Байсалов кышкы туризм өлкө экономикасынын маанилүү тармактарынын бири экенин белгиледи.

"Кыргызстан дүйнөдөгү туризмдин үчүн идеалдуу жер. Бул жерде тажрыйбалуу туристке керектүү нерселердин баары бар, булар эң кооз тоо капчыгайлары, жомоктогудай көлдөр, аккан дарыялар, мөңгүлөр жана карлуу ашуулар", - деп кошумчалады ал.

Иш-чаранын алкагында интерактивдүү элементтерди камтыган лыжа тебүүнү сүйүүчүлөрдүн оюн-зооктору, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар жана конкурстар уюштурулуп, түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кыргызстанда 23 лыжа базасы бар, учурда 17си иштеп жатат, алар негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий