• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт - Осмонбетов

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Өнөр жай жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов билдирди.

Анын айтымында, "Электр станциялары" ААКсы электр энергиясына чектөөлөрдү киргизүүнү пландаган жок.

"Биз мурда маалымдагандай энергетика объекттеринде капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бардык жумуштар график боюнча жүрүп жатат, күз-кыш жылуулук мезгилине карата даяр болот", - деди ал.

Белгилей кетсек 24-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14 млрд 666 млн куб метрди түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий