• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар барбы? Министрликтин жообу

Билим 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү» долбоору аркылуу 2016-2018-жылдарга чейин өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталып, ачылган бала бакчаларды төмөндөгүдөй каражаттар менен камсыздаган:

  • эмеректер;
  • окуу-методикалык колдонмолор;
  • өнүктүрүү оюндары;
  • жомок китептер;
  • оюн аянтчалары.

Мындан сырткары, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү үчүн дааратканаларда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бардык талаптарга жооп берген абалга келтирилген.

Долбоор бүт облустарды камтыган:

  • Ыcык-Көл – 18
  • Нарын – 13
  • Талас – 18
  • Чүй – 31
  • Жалал-Абад – 17
  • Баткен – 7
  • Ош – 16

Мурдагы долбоордо бала бакчалар керектүү болгон бардык өнүктүрүү каражаттары менен камсыздалып, имараттын дааратканасы гана оңдоп-түзөөдөн өткөн. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунда болсо жергиликтүү бийлик сунуштаган 500 бала бакчанын имараты толугу менен ремонттон өтөт.

Пикир

Оставить комментарий