• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда кытай инвесторлору 2 млрд юанга агрокомплекс курушат

Экономика 0

Бишкек, 25.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Чүй облусунда кытай инвесторлору 2 млрд юанга агрокомплекс курушууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.

Анын айтымында, долбоор “Иска – Азия” деп аталып, учурда 500 гектар жер сатып алынган.

“Долбоор өлкөбүздүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле, продукциянын жарымы Кытайга ташылат, бир бөлүгү – ЕЭАБ өлкөлөрүнө. Бул накта органикалык продукция болот”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий