• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда Кытайга болгон тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсеп ачылат

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда Кытайга болгон тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсеп ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди.

Анын айтымында, Кытайга мамлекеттик карызды төлөө жакындап жаткандыгына байланыштуу "Элдик Кеңеш" көзөмөл тобу түзүлүп, акча каражатын топтоо үчүн "РСК Банк" жана "Айыл Банкта" атайын эсеп ачылууда.

"Акча каражаттардын мамлекеттин казынасына толук жана туура түшүшү эң негизги шарт болуп саналат. Атайын эсепке түшкөн акчанын дарекке жетишин камсыз кылуу максатында өлкөбүздүн жети дубанынан дайындалган "Келечек үчүн" аттуу жалпы улуттук каражаттарды топтоо компаниясынын ичинде "Элдик кеңеш" көзөмөлдөө тобу түзүлөт. Каалоочулар Kg_ayaldary@mail.ru электрондук почтасы аркылуу кирип, "Элдик Кеңешке" мүчө боло алат", - деди ал.

"Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева көптөгөн жарандардын кайрылууларынан кийин тышкы карызды төлөө үчүн каражаттарды топтоо үчүн атайын өнөктүк демилгеленгенин билдирди.

"Биз акча каражатын топтобойбуз. Биз бир гана каражаттын топтолушуна шарт түзүп беребиз. Азыр даярдык иштери жүрүп жатат. Алсак, Каржы министрлиги атайын эсепти ачуунун үстүнөн иштеп жатат. Акча жүгүртүүлөр "Кабар" маалымат агенттигинде ачык-айкын жарыяланып турат", - деди Алтыбаева.

Алтыбаева жакында кайра өтө турган парламенттик шайлоого катыша турган партия лидерлерин үгүт иштерине кете турган каражаттарды атайын эсепке которууга чакырды.

"Биздин кыймылдын атынан депутаттарга да кайрылып жатам. Жеке мен атайын эсепке бир айлык маянамды, 25 миң 500 сом котором", - деди ал.

Коомдук активист Нурзат Турдукулова аталган демилгени активист, блогерлер да колдоп жатканына токтолду.

"Жарандардын бири 1 млн сом которууга даяр экендигин жазып чыкты. Ошондой эле мигранттар да айлыгын которууга даяр экендигин билдиришкен", - деди Турдукулова.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 4 млрд 824,01 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 4 млрд 169,6 млн доллары тышкы карыз болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий