• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда кыз-келиндер арасында Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт

Спорт 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда кыз-келиндер арасында 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Азия кубогун өткөрүүгө Азия футбол конфедерациясынын (АФК) өлкөлөрүнүн арасында 20 жана 17 жашка чейинки кыз-келиндер арасында биринчи тандоо туру келерки жылга пландаштырылган.

QRIга 29 команда катышып, төрт командадан турган беш тайпа жана үч командадан турган үч тайпа төмөнкү мамлекеттер тарабынан уюштурулат:

1. Гуам

2. Иордания

3. Кыргызстан

4. Монголия

5. Сингапур

6. Тажикстан

7. Таиланд

8. Вьетнам

20 жана 17 жашка чейинки кыз-келиндер арасында Азия кубогунун чүчүкулак аземи 2022-жылдын 3-ноябрында Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий