• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда кыз-келиндердин "Дилгир" волейбол лигасы ачылууда

Спорт 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда кыз-келиндердин "Дилгир" волейбол лигасы ачылууда. Бул тууралуу Волейбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдыда үч мелдеш өткөрүү пландалууда. Ал 6-апрелде башталат.

Биринчи мелдеш Бишкекте өтүп, ага борбор калаанын төрт командасы жана Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облусунан бирден команда катышат.

Экинчи мелдеш Ошто болот. Ага Ош шаарынын үч командасы, Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунан бирден команда катышат.

"Дилгирдин" финалдык оюндары күзүндө Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий