• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда өлүмдүн 52%дан ашыгы жүрөк ооруларына туура келет – Рахматуллаев

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда катталган өлүмдүн 52%дан ашыгы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдрди.

Анын айтымында, жылына 29-сентябрда дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет, ал 1999-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп келет.

Бул күндүн негизги максаты – жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдү азайтуу үчүн алдын алуу чараларын жайылтуу. Дүйнө жүзүндөгү медициналык кызматкерлердин миссиясы – бул көйгөйгө көңүл буруу, калк арасында сергек жашоо, туура тамактанууну жайылтып, тамеки чегүүдөн жана алкоголду колдонуудан баш тартуунун артыкчылыктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүү тобокелдигинин модификациялануучу деп аталган факторлорун коррекциялоо”, - деди Рахматуллаев.

Ал жылына жүрөк ооруларынан дүйнө жүзүндө 17 млн адам каза болорун белгилейт.

“Дүйнө жүзүндө жыл сайын 17 миллиондон ашык адам жүрөк ооруларынан көз жумат. Биздин республикада катталган өлүмдүн 52% дан ашыгы жүрөк-кан тамыр ооруларынан болот. ДССУнун маалыматы боюнча, жашоо образын өзгөртүү аркылуу өлүмдү олуттуу түрдө азайтууга болот. Калкка кан басымынын көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө, холестериндин жана глюкозанын деңгээлин билүү, туура тамактануу принциптерин сактоо, тузу аз диетаны кармоо, тамекини таштоо, тамеки түтүнү бар бөлмөдөн алыс болуу, иштөө жана эс алуу режимин нормалдаштыруу, физикалык активдүүлүктү көбөйтүү, ашыкча салмактан арылуу, стресстик жагдайларга каршы турууну үйрөнүү жана врачтын сунуштарын так аткаруу сунушталат”, - деп белгиледи ал.

Анын маалыматына ылайык, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлери, РДЧБ, БДЧБ жана эндокринология борбору менен биргеликте 29-сентябрда Кардиология борборунун башкы имаратынын алдында калк арасында активдүү скринингдик иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатышат.

“Адистер тарабынан кан басымын өлчөө, кандагы глюкозанын деңгээлин аныктоо жүргүзүлүп, тамеки чегүүнүн зыяндуулугу жана туура тамактануунун негиздери тууралуу маалымат берилет. Баарыныздарды 29-сентябрда М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун башкы имаратынын алдында күтөбүз”, - деп маалымдады Рахматуллаев.

Пикир

Оставить комментарий