• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда өлүмгө дуушар болгондор COVID-19 жуктургандардын жалпы санынын 1%ын түзөт

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда өлүмгө дуушар болгондор COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын жалпы санынын 1%ын түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кытайда 5,5 %, Италияда - 13,3%, Индияда - 10,4%ын түзөт.

Үсөнбаев кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө карата ооругандар менен жакын байланышта болгон 260 адам көзөмөлдө турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ге жетти. Алардын ичинен 185и медицина кызматкерлери. 416 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, ал эми илдетти жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий