• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда латын тамгасына өтүүнүн олуттуу зарылчылыгы жок – А.Арзыматова

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Кыргызстанда 2040-жылга латын тамгасына өтүүнүн олуттуу зарылдыгы жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тарыхчы-саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн ЖК депутаты Каныбек Иманалиев (“Ата-Мекен”) Кыргызстан 2040-жылга латын тамгасына өтүүсү керек, анткени бул дүйнөлүк тенденциянын талабы деп айткан.

Айнура Арзыматова Кыргызстандын дээрлик 100 жылдык тарыхы кириллицада жазылган деп билдирди.

“Эми эмне алардын бардыгын латын тамгасына өткөрүү керекпи? А эгер кандай болсо ошондой калтырсак, келекчектеги муундарга бул материалдар жеткиликсиз болуп калабы? Мен латын тамгасына өтүүнүн олуттуу зарылчылыгы жок деп ойлойм, анткени бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөр орус тилинде сүйлөшөт”,-деди ал.

Ошондой эле, саясат таануучу азыр өлкөдө чечүү зарыл болгон көйгөйлөр көп деп белгиледи.

“2040-жылга чейин эмне болорун эч ким билбейт, учурда көйгөйлүү болгон маселелерди чечүү зарыл”,-деп кошумчалады А.Арзыматова.

Пикир

Оставить комментарий