• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда «Өлбөс полк» акциясы онлайн форматта өтөт — ролик

Жеңишке 75 0


Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Коронавируска байланыштуу быйыл Кыргызстанда "Өлбөс полк" акциясы онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Улуу Ата Мекендик согуш 1 миң 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында жоокерлер, орукта эмгектенгендер жана жөнөкөй жарандар өзүнүн каармандыгы менен жеңишке жетүү үчүн чоң салым кошкон.

Кыргызстанда 9-Майга карата уюштурулган "Өлбөс полк" акциясы 2014-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.

"Өлбөс полк" – эл аралык акция, жыл сайын 9-Май күнү өткөрүлөт. Акция Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана алардын өлбөс-өчпөс эрдиктерин эстеп жүрүүгө чакырат. Кыргызстанда "Өлбөс полк" акциясы алгачкы ирет 2014-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн. 2015-жылы жүрүшкө Бишкек шаары дагы кошулган. Бишкек шаарында 2015-жылы 70 жылдыкта жүрүшкө 3 миңге жакын адам катышкан. 2016-жылы 25-26 миңге жакын катышуучу болгон. 2017-жылы акцияга 30-35 миңге жакын адам катыша алган. 2018-жылы жүрүшкө 40-45 миң адам чыккан. Ал эми 2019-жылы жүрүшкө 50 миңден ашык киши катышкан. Былтыр жүрүш Кыргызстандын бардык шаар жана айыл-кыштактарында өткөрүлгөн", - деп билдирет министрлик.

Министрликтен белгилешкендей, бул жылы коронавирустун жайылышына байланыштуу "Өлбөс полк" акциясын онлайн түрдө өткөрүү чечими кабыл алынган.

Министрлик бардык кыргызстандыктарды онлайн түрдө өтө турган акцияга катышууга чакырат.

Акция www.pobeda.srs.kg порталында өтүп, ага катышуу үчүн бул шилтеме боюнча катталууга болот.

Катталуу үчүн эмне керек?

- Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын 1 сүрөтүн алдын ала даярдап коюңуз;

- Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын аты-жөнүн жазыңыз;

- Ал жана анын башынан өткөн окуя тууралуу кыскача жазыңыз;

- Файлды pobeda.srs.kg порталына жүктөңүз.

Нускама:

1. Портал аркылуу электрондук түрдө жөнөтүлгөн кайрылуулар Маданият министрлигинин кароосуна түшөт;

2.Текст 4 миң белгиден ашпашы керек;

3. Сүрөттүн өлчөмү 5 Мб ашпашы зарыл. Форматы: jpg 3х4. Башка форматтар жарабайт.

Текстте эмнелер жазылбашы керек?

- адепсиз, бирөөнү кемсинткен сөздөр болбошу кажет;

- ар кандай ыркты бузган, мыйзам бузууга үндөгөн ж.б. чакырыктар болбошу шарт.

Маалыматтарды киргизүүдөгү ката:

- почта дареги толук эмес же так жазылбай калган;

- тест орун тилинде латин ариби менен жазылган же тесттин баары баш тамга менен жазылган.

Эскертүү: кайрылууларын электрондук түрдө жөнөткөн авторлордун жеке маалыматтары жеке маалыматтар тууралуу мыйзамынын талаптарына ылайык иштетилип, сакталат.

Пикир

Оставить комментарий