• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда өлкөнү таштандыдан тазалоо акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда коомдук пайдалануу жайларын, жаратылыш парктарын жана башка жерлерди таштандыдан тазалоо акциясы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө “Эко Деми” коомдук фондунун төрайымы жана акциянын демилгечиси Айжан Чыныбаева билдирди.

Бардык облустардагы миңдеген жарандар ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнү коргоого өзүнүн салымын кошушат.

Акция дүйнөнүн 150 өлкөсү “Дүйнөнү тазартабыз” урааны менен кошулган Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган. Аталган иш-чара өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү экологиялык абалга көңүл бурдурат.

“Айлана-чөйрөнүн булганышы маселеси жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн алат. Демилгечилер жарандарды акцияга жөн гана кошулбастан, коомдук жайлардагы тазалыкты сактоо, ресурстарды туура пайдалануу жана туура иштетүү жөнүндө ойлонууга чакырат. Биз баарыбыз бир өлкөдө, бир планетада жашайбыз. Ар бирибиз ал үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Биз биргеликте таза өлкөдө жашоо үчүн аракет кылышыбыз керек. Бул баарыбыздан көз каранды”, - деди Айжан Чыныбаева.

Акциянын расмий өнөктөшү “Эко деми” коомдук фонду.

Демилгечилер бардык жарандарды 15-сентябрда Кыргызстандын бардык облустарында өтө турган ишембиликке катышууга чакырат.

Иш-чарага катышуу үчүн социалдык медиадагы топторго (@PFecodemi) жана whatsapp тиркемесиндеги топторго кошулууга болот:

Таза Нарын https://chat.whatsapp.com/GFWT0nmfziYHwYAVPgO7Y9
Таза Талас https://chat.whatsapp.com/IzE1N6ENcfP4kgDF00L77P
Таза Чүй https://chat.whatsapp.com/1UpSxNNosJ9LitWLw6VZKu
Таза Кант https://chat.whatsapp.com/invite/75rViREsOu51wXXiCC1s1f
Таза Кара-Балта https://chat.whatsapp.com/invite/4oZyOFEecX4DTEOTpI9I6D
Таза Сокулук https://chat.whatsapp.com/invite/ANlFkFPiNYZ2ho5sCVR6oj
Таза Токмок https://chat.whatsapp.com/invite/8SDQei8cWww4n50vk3Cwxg
Таза Ысык-Көл https://chat.whatsapp.com/1xhrlaR3CWw4kDOsj2zMBT
Таза Каракол https://chat.whatsapp.com/invite/8nhuoSR2N3l2qjl8Srlsh7
Таза Ош https://chat.whatsapp.com/LmXp3YTFmDb6B8XAapv0Yc
Таза Баткен https://chat.whatsapp.com/9QHlxMD4ytOEY3vFAFx0KD
Таза Жалал Абад https://chat.whatsapp.com/Fn9lrhgroMw3h2zG0TYvAR
Таза Токтогул https://chat.whatsapp.com/9BFZs0UfxrO556abNLivu5
Таза Бишкек https://chat.whatsapp.com/1iflESekcwb6WBRZSyYxNR

Ошондой эле акциянын координаторлору менен байланышууга болот: Дмитрий Андреев +996 (555) 906 556, Данияр +996 (553) 5 32526, Чыңгыз +996 (500) 015050.

Пикир

Оставить комментарий