• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда өлкө президентин шайлоо өтүүдө

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн өлкө президентин шайлоо өтүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча шайлоочулардын жалпы саны 3 025 768 жаранды түздү. Алардын ичинен 2 908 453 шайлоочу Кыргызстандын аймагында добуш берет. Чет өлкөлөрдө 18 580 шайлоочу бар. Дагы 98 735 адам Бишкектеги кошумча участоктордо добуш беришмекчи.

Кыргызстан боюнча эртең мененки 8:00дө 2 миң 375 шайлоо тилкеси ачылды. Шайлоо процессине 700дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салат.

Белгилей кетсек, шайлоодо 18 жашка толгон жана андан жогору курактагы жана биометрикадан өткөн жарандар катыша алышат. Шайлоочунун жанында паспорту болушу керек жана ал өзүнүн катталган шайлоо тилкесинде гана добуш бере алат.

Шайлоого 11 талапкер катышууда.

Шайлоо тилкелери 20:00дө жабылат. Андан соң добуштарды эсептөө башталат.

Пикир

Оставить комментарий