• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда лотерея билеттерин сатуунун электрондук системасын киргизүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2021-жылдын 19-апрелинен тарта коомдук талкууга коюлат. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, бул мыйзам долбоору лотерея ишмердигин уюштурууну жана башкарууну өркүндөтүү аркылуу «Мамлекеттик лотерея компаниясынын» ишмердигин өнүктүрүү максатында, социалдык чөйрөгө инвестицияларды тартуу үчүн натыйжалуу кошумча инструментти түзүү, лотереяга катышуучулардын кошумча укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Бүткүл дүйнө жүзүндө лотерея бизнеси мыйзамдуу болуп саналат жана кумар оюн бизнесине карата социалдык жоопкерчиликтүү альтернатива катары кызмат кылат, ал ар дайым калктын социалдык муктаждыктарына каражаттарды тартуунун инструменти болуп келген.

Лотерея рыногунун абалын жана өнүгүү перспкетиваларын талдоо көрсөткөндөй, экономиканын бул секторун ийкемдүү өнүктүрүү үчүн объективдүү өбөлгөлөр бар, бул сектор мамлекеттин алдында турган социалдык милдеттерди чечүүгө багыттала турган акча каражаттарынын орчундуу түрдө келип түшүүсүн камсыз кылат.

Мыйзам долбоорунда лотерея билеттерин сатуунун электрондук системасын киргизүү каралып жатат. Бул система лотереялык ишмердикти мамлекеттик жөнгө салуу механизминин курамдык бөлүгү болуп калат.

Лотерея билеттерин сатуунун электрондук системасы заманбап лотерея рыногун түзүүгө мүмкүндүк берет, анда лотереялык өндүрүмдөрдүн ар түрдүүлүгү болушу керек.

Лотереянын заманбап түрлөрү экономикадагы кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн маанилүү, масштабдуу жана динамикалуу тармагы болуп калат, мамлекеттин социалдык муктаждыктарына максаттуу чегерилүүчү орчундуу жана стабилдүү бюджеттик келип түшүүлөрдү камсыз кылат.

Ошондой эле, электрондук технологиялардын өзгөчүлүктөрүнө байланыштуу, электрондук лотереяга катышуучулардын укуктарын коргоо үчүн, лотереяны өткөрүү процесси жөнүндө лотереянын катышуучусуна талаптагындай түрдө маалымат берүү милдетин электрондук лотереянын уюштуруучусуна жүктөгөн норманы киргизүү сунушталып жатат.

Мыйзам долбоорунда өзгөртүү киргизилип жаткан Мыйзамдын түшүнүктүк аппаратына да өзгөртүү киргизилүүдө, анткени азыркы колдонуудагы мыйзамдарда электрондук лотерея жабдуусуна аныктама берилген эмес.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун негизги милдеттеринин бири – лотерея бизнесинин жана социалдык чөйрөгө чегерилүүчү акча каражаттарынын көлөмдөрүнө ишенимдүү контролду камсыз кылууда турат. Мыйзам долбоору лотерея билеттерин сатуунун жалпыга жеткиликтүү жана заманбап технологияларын киргизүүнүн, жаңы лотерея оюндарын уюштуруу үчүн мүмкүндүктөрдү түзүүнүн эсебинен лотерея рыногун өнүктүрүү максатын да көздөйт.

Лотерея билетин саткандардын аяккы звеносу үчүн лотереяларды сатуу боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтө турган заманбап технологияларды киргизүү лотерея рыногуна мүнөздүү болбогон соода чекиттерин жумушка тартуунун эсебинен лотерея билеттерин сатуу тарамын орчундуу кеңейтет. Электрондук ыкма менен сатылган билеттердин өздүк наркынын төмөн болушу мунун эсебинен түзүлгөн бош каражаттарды системаны өнүктүрүүгө инвестициялоо аркылуу билеттерди сатуу системасын тез өстүрүүгө мүмкүндүк түзөт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашыруудан боло турган экономикалык натыйжага баа берүү көрсөткөндөй, лотерея рыногунун жалпы көлөмүн көбөйтүү талап кылынат.

Мыйзам долбоорун ишке ашырганда салыктык келип түшүүлөр гана көбөйбөстөн, социалдык муктаждыктарга максаттуу чегериле турган акча каражаттарынын көлөмү да орчундуу көбөйүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий