• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө – сүрөт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталган.

Маалыматка ылайык, жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат.

Бишкекте президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, ошондой вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өз добуштарын беришти.

Эске салсак, бүгүн президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүгө) өтүүдө.

Жалпы талапкерлердин саны 17и, алар:

  1. Жапаров Садыр Нургожоевич;
  2. Исаев Канатбек Кедейканович;
  3. Арстанбек Мыктыбек;
  4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  5. Ташов Имамидин Асамидинович;
  6. Тагаев Рашид Бакирович;
  7. Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
  8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  9. Касенов Аймен Абдыталипович;
  10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  11. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
  12. Абакиров Эльдар Курманбекович;
  13. Асанов Курсан Сатарович;
  14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  15. Жеенбеков Равшан Бабырбекович;
  16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  17. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
  18. Иманалиев Каныбек Капашович.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлүүдө:

- президенттик башкаруу;
- парламенттик башкаруу;
- бардык варианттарга каршы.

Пикир

Оставить комментарий