• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды каттоо узартылды

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрга чейин мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды, жарандыгы жок жактарды каттоо мөөнөтү убактылуу узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок жактардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо, республиканын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана киргизилишин алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн 2020-жылдын 19-майынан Өкмөттүн №256 токтому менен төмөнкү документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берилди:

  • жарактуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейинки мезгилде өтүп кеткен, 2004-жылкы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат;
  • КР аймагында каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар ӨК жана/же ӨА режимдери алынган күндөн тартын 10 иш күнүнүн ичинде каттоосун узартышы зарыл;
  • Билим берүү жана илим министрлигине бүтүрүүчүлөрдө ID-картасы жок болгон учурда орто (толук) билим берүү тууралуу күбөлүктөрүн жана аттестаттарын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн негизинде берүүнү камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

«Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында азыр дагы өзгөчө кырдаал режими жана айрым жерлерде карантиндик режим күчүндө турат. Буга байланыштуу COVID-19 вирусунун жайылуу тобокелчиликтерин минималдаштыруу жана Калкты тейлөө борборлорунда, паспорттук бөлүмдөрдө адамдардын топтолушун болтурбоо максатында, жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоону узартуу чечими кабыл алынды. Мында каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айыптар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий