• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар

Коом 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев билдирди.

Анын айтуусунда, өмүр бою эркинен ажыратылгандардын арасында аялдар жок.

"Өмүр бою эркинен ажыратылгандар Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда, №1, №16, №3 жана Ош менен Бишкек шаарларындагы тергөө абактарында жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий