• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандар ачкачылык жарыялады

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. №1, 16, 19, 25 мекемелериндеги өмүр бою эркинен ажыратылган соттолуучулар ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"9-март күнү эртең мененки текшерүүдөн кийин №1, 16, 19, 25 мекемелеринде кармалган, өмүр бою эркинен ажыратылган 200 адам мөөнөтсүз ачкачылык жарыялоо жөнүндө жазуу түрүндө арыз менен кайрылышкан. Алар Кыргыз Республикасынын сот жана прокуратура органдарына, соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдардын талаптарын аткаруу бөлүгүндө алардын конституциялык укуктарын коргоо талабын коюшууда", - деп билдиришти аталган кызматтан.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринде өмүр бою эркинен ажыратылган 347 адам жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Жазаларды аткаруу кызматынан белгилешкендей, 2017-жылдын 24-январындагы № 10 "КР Жазык кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" КР мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" КР мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде 2019-жылда түзөтүү мекемелеринин башчылары тарабынан өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгондорго карата соттун мурда чыгарылган өкүмдөрүн кайра карап чыгуу боюнча сотторго сунуштамалар жөнөтүлгөн.

"Аталган сунуштамалардын жана арыздардын бардыгы КР соттору тарабынан канааттандырылган эмес, себеби, 2017-жылдын 24-январындагы № 10 "КР Жазык кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" КР мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” КР мыйзамынын 7-беренесинин 15-бөлүгүнүн ылайык өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон адамдарга карата соттордун өкүмдөрү, эгерде Жазык кодексинде ушул эле аракет үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралса, кайра каралууга жатпайт. Буга байланыштуу, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун талаптары негизсиз болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, азыркы мезгилде жогоруда аталган түзөтүү мекемелеринин администрацияларынын кызматкерлери жана ЖАМКнын тийиштүү кызматтары тарабынан өмүр бою эркиндигинен ажыратылган адамдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий