• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда май айында күйүүчү-майлоочу майдын баасы 3-5 сомго арзандашы божомолдонууда - Эшатов

Экономика 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда май айында күйүүчү-майлоочу майдын баасы 3-5 сомго арзандашы божомолдонууда. Бул тууралуу "Кыргызстандын нефтетрейдерлер" ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба ишкерлерине бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майдын баасы дүң баадан дагы арзан сатылып жатат. Ар бир литрине 40 тыйындан арзан сатылууда.

"Биз Кыргызстандын ички керектөөсүнө канча мунай зат керек болсо, ошону толугу менен ташып келип берүүдөбүз. Баалар боюнча жыл башынан бери караганда, бензиндин чекене баасы 2,8 - 3 сомго же болбосо 6,7%га арзандады. Ал эми дизель отуну 4,7 сомго же 9,7%га арзандады. Дүң баалары боюнча бензиндин баасы 11,6 сомго же 32%га арзандаса, дизель отуну 11 сомго же 21,3%га арзандады. Ошондуктан кымбаттоо болгон жок", - дейт ал.

Эшатов белгилегендей, КМШ боюнча Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын баасы эң эле арзан болууда.

Пикир

Оставить комментарий