• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда май айында кой этине жана пахта майына баалардын олуттуу өсүшү байкалды

Экономика 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын май айында кой этине жана пахта майына баалардын олуттуу өсүшү байкалды. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Республиканын 18 калктуу конушу боюнча Улутстатком тарабынан жүргүзүлгөн негизги тамак-аш продуктуларына орточо керектөө бааларынын ар жумалык мониторингинин жыйынтыктары, үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата абалы боюнча республика боюнча кой этине орточо 465,47 сом болгонун жана үстүбүздөгү жылдын апрель айына салыштырмалуу 18,14 сомго же 4,1 пайызга өскөнүн, ал эми 1 кг пахта майынын баасы 167,09 сомду түзгөнүн жана үстүбүздөгү жылдын апрель айына салыштырмалуу 3,6 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Муну менен бирге, кой этине карата Исфана, Жалал-Абад (бир кг үчүн 500,00 сом) жана Баткен (бир кг үчүн 489,90 сом) шаарларында максималдуу чекене баалар түзүлдү, ал эми Покровка айылында (бир кг үчүн 420,00 сом), Каракол (бир кг үчүн 428,99 сом) жана Балыкчы (бир кг үчүн 440,00 сом) шаарларында аларга карата минималдуу баалар катталды.

Республиканын байкоо жүргүзүлгөн шаарларынын көпчүлүгүндө пахта майына карата чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты. Максималдуу чекене баалар Токмок (бир кг үчүн 192,04 сом), Исфана жана Ноокат (бир кг үчүн 176,61 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 130,00 сом), Талас (бир кг үчүн 141,41 сом) шаарларында, ошондой эле Покровка айылында (бир кг үчүн 154,51 сом) байкалды.

2021-жылдын апрель жана май айларында орточо керектөө баалары

(бир кг, сом)

Койдун эти

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Пахта майы

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

апрель

20-май

апрель

20-май

Кыргыз Республикасы

447,33

465,47

18,14

161,22

167,09

5,87

Каракол ш.

420,00

428,99

8,99

171,97

171,97

0,00

Балыкчы ш.

440,00

440,00

0,00

-

-

-

Кербен ш.

454,97

454,97

0,00

98,55

130,00

31,45

Токтогул ш.

440,00

440,00

0,00

162,21

169,57

7,35

Жалал-Абад ш.

472,37

500,00

27,63

165,39

172,82

7,43

Чаек а., Жумгал району

439,76

458,15

18,39

171,82

174,55

2,73

Нарын ш.

451,89

459,60

7,70

-

-

-

Исфана ш.

471,26

500,00

28,74

175,91

184,59

8,68

Баткен ш.

488,99

489,90

0,91

150,52

169,80

19,28

Кара-Суу ш.

470,00

476,92

6,92

150,75

155,86

5,11

Ноокат ш.

450,00

461,77

11,77

173,05

176,61

3,56

Өзген ш.

455,39

480,00

24,61

145,99

162,86

16,87

Покровка а., Манас району

420,00

420,00

0,00

147,41

154,51

7,11

Талас ш.

437,71

451,89

14,19

139,88

141,41

1,53

Кара-Балта

439,04

440,33

1,29

162,64

168,42

5,78

Токмок ш.

440,00

445,14

5,14

171,60

192,04

20,44

Бишкек ш.

443,25

467,82

24,57

161,74

165,87

4,13

Ош ш.

457,43

461,97

4,55

157,99

161,39

3,40

Пикир

Оставить комментарий