• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда маймыл чечеги оорусу катталган жок

Ден соолук 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда маймыл чечеги оорусу катталган жок.

Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, 23-майга карата маймыл чечеги илдети дүйнөнүн Франция, Испания, Бельгия, Италия, Швеция, Австралия, АКШ жана Канада өлкөлөрүндө катталган. Ал эми Борбор Азияда аталган оору катталган эмес.

Өзүңүзгө кам көрүү жана оорунун коркунучун азайтуу үчүн ДСУнун сунуштарын аткарыңыз:

- оорулуу приматтар менен байланышуудан алыс болуңуз;

- жапайы жаныбарлардын этин жегенден алыс болуңуз;

- колду дайыма дезинфекциялоо;

- жеке гигиенаны сактоо;

- жыныстык катнаш учурунда өзүңүздү коргоңуз;

- чоочундар же саякатчылар менен тыгыз байланышта болбогула.

Пикир

Оставить комментарий