• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда майып балдардын билим алууга жеткиликтүүлүгү кеңейтилет

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. 2013-2017-жжылдарга КРны Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги 20 мектепте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү шарттарын жакшыртты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, пандустар, атайын кармагычтары менен дааратканалар салынып, таяныч-кыймыл аракет бузулган балдарга парталар сатып алынып, көрүүсү начар балдарга тепкичтерде бош орундар ылайыкташтырылды.

Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн клуб түзүлүп, ага 249 жаш кыргызстандык барат.

“КРда инклюзивдик билим берүү процессинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коштоо” сынамык долбооруна 5 мектеп катышууда.

Дагы 3 мектепте ведомство тарабынан иштелип чыккан инклюзивдик шарттарда майып балдарга баштапкы жалпы билим берүү стандарты долбоору киргизилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий