• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын бирдиктүү статистикасы жок. Ар ким өзү жүргүзөт — Исаков

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын мамлекет тарабынан бирдиктүү статистикасы жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү” фондунун президентти Толкунбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 200 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт.

undefined

“Чындыгында, бирдиктүү статистика жок. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү министрлиги өзүнчө статистика жүргүзөт. Эсептей келгенде майыптыгы бар адамдардын саны бир топ жогору. Дүйнө жүзүндө эле жерде жашаган адамдардын 15 пайызын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар түзөт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий