• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Өткөн жылы майыптыгы бар кыргызстандыктардын саны 13,4% га өскөн. Мындай сандарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде келтирди.

"Дагы 300дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар акы төлөнүүчү убактылуу коомдук жумуштарга орношкон. Бир жылдын ичинде биз 15 миңден ашуун жумушсуз жана жакыр жарандарды коомдук жумуштарга тарттык. 10 миңден ашуун адам ар кандай курстарда кесиптик даярдыктан өтүштү, бул аларга жумуш табууга мүмкүндүк берди", - деди ал.

Белгиленгендей, ишке орноштуруу жана жумуштуулук боюнча ар кандай активдүү чаралардын натыйжасында республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 0,1% га төмөндөп, 2,9% ды түздү.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 0,5% га, ал эми катталган жумушсуздардын саны 1,7% га азайганы байкалат.

Пикир

Оставить комментарий