• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда майыптыгы барлар арасында шашка боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде майыптыгы барлар арасында шашка боюнча дүйнөнүн 3-чемпионаты жана дүйнөнүн 1-командалык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу "КРнын майыптыгы барлар арасындагы шахмат-шашка биримдигинин" президенти Эркин Мукашев билдирди.

Анын айтымында, чемпионат Майыптардын эл аралык шашка комитетинин жетекчилиги астында өтөт.

"Дүйнөнүн шашка командаларын мелдешке катышууга чакырабыз", - дейт ал.

Мындан тышкары, биримдиктин президенти досторду, демөөрчүлөрдү, өнөктөштөрдү жана ЖМК өкүлдөрүн майыптыгы барлар арасында шашка боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүнү колдоого, майыптыгы барлар арасында спортту өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий