• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда «Билим берүү үчүн азык-түлүк жана балдар азыгы» аттуу 5 жылдык программа старт алды

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда Мак-Говерн Доулдун «Билим берүү үчүн азык-түлүк жана балдар азыгы» программасы старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып АКШнын Айыл чарба департаменти тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы Мерсико уюму тарабынан ишке ашырылуучу балдардын билими жана азыгы үчүн Мак-Говерн-Доулдун жаңы 5 жылдык программасы старт алды.

Программа Кыргызстандагы мектеп азыгын оптималдаштыруу боюнча ишти аткарууга колдоо көрсөтөт жана өлкөдөгү 400 мектептеги азык-түлүктөрдү кайтарымсыз бөлүштүрүүнү, мектептердин инфраструктурасын жакшыртууну жана мектеп ашканасын жабдуулар менен камсыздоону, башталгыч класстардын мугалимдеринин, ашпозчулардын жана мектептерде тамактанууну уюштурууга, башталгыч класстардын окуучулары үчүн мектеп китепканасына жана коомдук китепканага китептерди өткөрүп берүүгө, ошондой эле мектептердин астындагы бала бакчаларды уюштурууга жооптуу адамдардын техникалык потенциалын жогорулатууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий