• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда малды жана үй канаттууларды саноо башталды

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда мал-жандыктарды жана үй канаттууларын саноо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Айыл чарба министрлигинин Улуттук статистика комитети менен биргеликте "КРнын аймагында малдарды жана үй канаттууларын кайра саноо” ведомстволор аралык буйругу иштелип жана басылып чыккан. Аталган буйруктун негизинде 2021-жылдын аягына карата өлкө аймагында малдарды жана үй канаттууларын кайра саноону иш-чараларынын планы бекитилди.

Белгиленгендей, малдарды жана үй канаттууларын кайра саноо каттоочулар тарабынан жүргүзүлөт. Алар ар бир дыйкан (фермердик) чарбанын, шаардык жана айыл жерлериндеги дачалык участкалардын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын жана башка өзүнчө жайгашкан объекттердин (темир жол разъездеринин, кашар, чабан үйлөрүнүн, кыштоолордун жана башка) короосуна милдеттүү түрдө кирип, санап чыгышат.

Аталган иш-чаралардын планына ылайык, райондор боюнча кыскача жыйынтык 2022-жылдын 24-январында, ал эми өлкө боюнча (район, облус) жалпы жыйынтык 2022-жылдын 16-февралында белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий