• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда мамипотекалык программанын катышуучусуна биринчи кепилдик берилди

Экономика 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучусуна 2022-жылдын декабрь айында биринчи кепилдик берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, ипотекага үй алган жаранга алгачкы төлөмгө каражат жетпей жаткан.

“Ал Кепилдик фонду аркылуу “РСК Банктан” 400 миң сом алды. Эки пайыз өлчөмүндө белгиленген комиссияларды белгилей кетейин. 400 миң сомдун эки пайызы 8 миң сомду түзөт. Кардар 8 миң сом төлөп, анын баштапкы төлөм жана күрөө маселеси чечилди”, - деди Абакиров.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-декабрынан тартып кыргызстандыктар Кепилдик фондунан колдоо катары мамлекеттик ипотеканын программаларынын бири боюнча турак жай сатып алууда баштапкы төлөмдүн 10%га чейинки көлөмүн ала алат.

Пикир

Оставить комментарий