• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 15 долбоор ишке ашырылууда - Экономика министрлиги

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Экономиканын ар кыл тармагында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында 15 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, ал долбоорлор саламаттыкты сактоо, шаарларды куруу, спорт, туризм, бажы логистикасы жана маданиятты өнүктүрүү тармагында аткарылууда.

"2018-жылы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында жалпы суммасы 12 млн. доллар болгон инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылган. Процедураларды жеңилдетүү жана МЖӨ долбоорлорун даярдоо мөөнөтүн кыскартуу максатында "Мамлекет-жеке өнөктөштүгү жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыкты. Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу, демилгени алып чыгуу процессин, долбоорду ишке ашырууну тездетип, жалпы эле МЖӨ механизмдерин өнүктүрүүгө жол ачат. Учурда, бул мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитети тарабынан каралууда", - деди Алыбаев.

Алыбаев белгилегендей, ишкерлер менен жеке адамдарга быйылкы айыл чарба иштерин өз маалында аткарууга жетишүүсү үчүн жана экспортко багытталган продукциялардын өндүрүшүн кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр-жайын өнүктүрүү үчүн айыл чарба Программасы бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий