• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү ижарага алуу тууралуу келишим электрондук жол менен гана бекитилет

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылдын 10-октябрынан баштап мамлекеттик мүлктү ижарага алууга болгон аукциондор электрондук форматта гана жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Адилет Бекбоев билдирди.

Анын маалыматына караганда, мамлекеттик мүлктү ижарага алуунун келишимин бекитүү укугуна аукционго катышууга документерди кабыл алуу сентябрдын аягында соңуна чыгат. Кийинки айдан баштап бардык процесс etp.okmot.kg порталында жүргүзүлө баштайт.

“Аталган программаны ишке киргизүү биринчи кезекте келип түшкөн билдирмелерди карай турган тең салмактуулукту кармап туруучулардын, ижара алуучулардын жана мамлекеттик органдардын каражаттарын үнөмдөөнү камсыз кылат. Андан тышкары система убакытты үнөмдөп, процесстин ачыктыгын жана ыкчамдуулугун камсыз кылат”, - деди Бекбоев.

Эми мамлекеттик мүлктү ижарага алуу аукционуна катышуу үчүн катышуучулар порталдын атайын бөлүмүндө өзүнүн электрондук колун көрсөтүп каттоодон өтүшү керек болот. Андан соң аукционго катышуу укугуна ээ болуу үчүн билдирме бериши зарыл. Уюмдар дагы өз кезегинде порталдан каттоодон өтүүгө милдеттүү.

“Эски программа боюнча бекитилген келишимдерди кайра жасоонун кереги жок. Себеби мамлекеттик мүлктү ижарага алуу тууралуу келишим бир жылга бекитилет. Бул мөөнөт аяктаганда тең салмактуулукту кармап туруучу порталга кирип, баарын жаңы система боюнча жасашы керек”, - деп кошумчалады Бекбоев.

Электрондук аукциондордун порталы Адилет Бекбоев белгилегендей, “Инфо система” мамлекеттик ишканасы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте иштелип чыккан. Ал түрдүү тышкы таасирлерден корголуп, толук ачыктыкка кепилдик берет.

Пикир

Оставить комментарий