• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда МЖӨ алкагында «Кыргызалтын Ювелирпром» биргелешкен ишканасы түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында «Алтын» кыргыз зергерчилик заводу« ишканасынын базасында түзүлгөн „Кыргызалтын Ювелирпром“ жаңы ишканасына барды. Биргелешкен ишкана „Кыргызалтын“ ААКсы жана „Алтын“ кыргыз зергерчилик заводу» ЖЧКсынын катышуусунда түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыкты.

Президентке жаңы ишкана ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн калыбына келтирүүгө, өндүрүш базасын модернизациялоого, иштеп жаткан зергерчилик заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталгандыгын маалымдашты.

Мындан тышкары, аталган долбоор өлкө ичинде дагы, чет өлкөлөргө дагы ата мекендик өндүрүштүн зер буюмдарын сатуу боюнча дүң жана чекене тармакты жаңылоого багытталган.

Учурда казылып алынган баалуу металлдарды өзүбүздөн иштетүү секторун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жигердүү каралып жаткандыгы белгиленди. Бул кайра иштетүүдө кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүнүн, салыктар жана өлкө жарандары үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү менен бюджетти толтуруунун эсебинен улуттук дүң өнүмдүн көлөмүн көбөйтүү сыяктуу маанилүү милдеттерди чечүүгө өбөлгө болот.

Баалуу металлдардын казылып алынган көлөмү зер буюмдары түрүндө сатылган учурда негизги салыктардын эсебинен бюджеттин кирешеси кыйла көбөйөт.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн алтын казуу өнөр жайынын көлөмүн көбөйтүүнүн жана мындай ишмердүүлүктөн максималдуу киреше алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал ата мекендик зер буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурду.

Мамлекет башчысы жаңы ишкананын жетекчилигинин алдына 2022-жылдын 1-январынан тарта, азыркыдай казылып алынган чийки затты экспортко кошумча нарксыз тазаланган куйма түрүндө чыгаруунун ордуна, Кыргыз Республикасында иштетилген алтындын көлөмүн көбөйтүү милдетин койду.

Президент Садыр Жапаров баалуу металлдар өлкө ичинде иштетиле тургандыгы, андан жаңы жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке салыктын түшүүсү көбөйөрү маанилүү артыкчылык экенин, бул мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий