• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда мартта күйүүчү майга болгон баа көтөрүлбөйт

Экономика 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда март айында күйүүчү майга болгон баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн жыйында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.

"Өлкөдө күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшү күтүлбөйт. Бирок, көптөгөн факторлорду эске алуу менен мындай абалды туруктуу деп айтууга болбойт. Апрель айында абал өзгөрүшү мүмкүн, эмне болоорун мезгил көрсөтөт", - деп билдирди ал.

Анын айтуусунда, Кыргызстанга бензин Россиядан алынып келинет. "Биздин нефтетрейдерлерлер эки айга алдын-ала запас калтырып койгондуктан, базарда баа кескин көтөрүлүп кетпейт. Анткени бизде бааны теңдештирүү үчүн 1,5 айдай убакыт болот", - деп билдирди ал.

Аткаруучу директор түшүндүргөндөй, баа саясаты түздөн-түз Россиядан көз каранды болот.

Пикир

Оставить комментарий