• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда марттын аягы жана апрель ичи суук болот – Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кыргызстанда марттын аягы жана апрель айынын ичи суук болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргызгидрометтин” директору Зарылбек Итибаев билдирди.

Анын айтымында, 29-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, Ош жана Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда кар жаайт.

“30-мартта эртең менен республиканын бардык аймагында жаан жаап, карга айланышы күтүлөт, тоолуу жолдордо муз тоңуп, тайгак болот. Ошондой эле, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. 31-мартта КРнын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. 1-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт, 2-3-апрелде жаан жаап карга айланат, абанын темпуратурасы төмөндөйт. Апрелдин 1,2,3-декадасында, башкача айтканда 24-апрелге чейин Кыргызстан боюнча туруксуз аба ырайы күтүлөт”,-деди ал.

Муну менен катар маалымат жыйынынын катышуучулары тоолуу жана тоо этектеринде жашагандарды айлана-чөйрөдөгү абалга карап аракет кылууга чакырышты.

“Кар көчкү, жер көчкү, сел байкалса куткаруучуларга билдирүү керек. 112 кызматы өлкө боюнча күнү-түнү иштейт. Ошондой эле, ӨКМнын аба ырайынын өзгөрүп турушуна байланыштуу жолдордогу коркунуч тууралуу билдирүүсүн жокко чыгаруу туура эмес. Талаптарды аткарып, 500 метр аралыкты сактоо керек. Тилекке каршы, көпчүлүк мыйзам боюнча аракет кылууну каалашпайт, айрым учурда иш мушташка чейин жетет”,-деди маалымат жыйынын катышуучусу.

Пикир

Оставить комментарий