• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Медиа сабаттуулук боюнча мугалимдер арасында видео сынак башталды

Билим 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда медиа сабаттуулук боюнча мугалимдер арасында видео сынак башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

“ММК Колдоо Борбору” Фонду 2020-жылдын 20-сентябрынан 25-октябрына чейин Кыргызстандын бардык мектеп мугалимдеринен медиа-маалыматтык сабаттуулуктун (мындан ары – ММС) элементтери камтылган видеосабактарды кабыл алат. Маалыматка ылайык, “ММС элементтери камтылган видеосабак” сынагы медиа жана маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ой жүгүртүүнү, интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында уюштурулууда.

Бул сынакты уюштуруп өткөрүүгө жооптуу, аталган фонддун долбоорлор боюнча ассистенти Каныкей Кененсариеванын билдирүүсү боюнча, сынактын максаты – ММС элементтерин тааныштыруу аркылуу окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү; санариптик сабаттуулукка жана Интернет чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча окутуу, ошондой эле мектеп мугалимдеринин кесиптик жана чыгармачыл өнүгүүсүн колдоо болуп эсептелет. Мындан тышкары ал аталган сынактагы видеосабактар заманбап технологияларды колдонуу менен иштелип чыккандыгы менен өзгөчөлөнүп турушу керек деп кошумчалайт.

Сынактын деталдуу шарттары менен таанышуу үчүн шилтемеси аркылуу кирип, атайын форманы толтуруп жөнөтүү керек.

Эмгектер 2020-жылдын 20-сентябрынан 25-октябрына чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы 5-ноябрда жыл сайын өтүүчү форумда чыгарылат.

Сынактын байге фонду:

1-орун - ноутбук

2-орун - ноутбук

3-орун - ноутбук

Финалисттерди тандоо “ММКны Колдоо Борбору” фонду тарабынан сынактык негизде жүргүзүлөт.

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот: 0707 112 255 (Whatsapp) - Каныкей Кененсариева, 0777 230 286 - Тынчтыкбек Досмуратов же mediasabakkg@gmail.com электондук дарегине кат жазыңыздар.

Пикир

Оставить комментарий