• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө - сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 03.07.22. /Кабар/. Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде республиканын медициналык уюмдарынын кызматкерлери медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети атайын маалымат даярдаган.

Алсак, 2021-жылы калкка медициналык жардамды 177 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 40 уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана бир миңден ашык фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 62 жалпы медициналык практика борбору иштеген, ал эми анын ичинде 155 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.

2021-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 14 миңден ашык дарыгерлер жана 34 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 21 дарыгер жана 51 медайым туура келген.

2021-жылы дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын саны

Нет описания.

2021-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (4,7 миң адам) жана хирургиялык (2,4 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,2 миң), акушер-гинекологдор (1,0 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (500 дөн ашык адам) болгон.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 2022-жылдын январь-апрелинде 15 697 сомду (кичи ишканаларды кошпогондо) түзүп, 2021-жылдын январь-апрелине пайыздык салыштырууда 46 пайызды (2021-ж. январь-апрелинде – 10 759 сом) түздү.

Пикир

Оставить комментарий