• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда мектеп директорлорун тандоо качан аяктары айтылды

Билим 0

Бишкек, 18.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо ушул жума аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Рыскүл Маданбекова билдирди.

Анын айтымында, беш жылдык мөөнөттөн ашык иштеген 990 мектеп директорунун кызмат ордуна сынак жарыяланган.

“Биринчи айлампага 2 миң 37 талапкер катышкан. Алардын 625и документтердин толук эмес пакетин тапшырган. Тестирлөөгө 1 миң 412 талапкер өтүп, анын дагы 43ү тестке келген эмес. 1 миң 369 тест тапшырып, 486 талапкер белгиленген босого баллдан өткөн. Экинчи айлампага 655 орунга 1 миң 376 арыз түштү. 21-октябрда Бишкек жана Ош шаарларында, 22-октябрда Баткенде директорлорду тандоо үчүн тест өтөт. Баткенде чек арадагы окуяга байланыштуу тестирлөө жылып калган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий