• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда мектеп, ЖОЖ жана колледждер билим берүүнүн салттуу форматына кайтышат

Билим 0

Бишек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери билим берүүнүн салттуу форматына кайтып келет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдөгу эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылды.

«Окуу процесси бардык окуучулар жана студенттер үчүн салттуу форматта башталат»,-деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары окуу процессинин башталышына чейин билим берүү кызматкерлеринин калган 34%ын (кеминде 52 миң адм) эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

«2021-жылы 10-августка карата жалпысынан биринчи доза менен 55 миң 207 билим берүү кызматкери (36%) эмделди»,-деди Жусупбекова.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда кичи жана техникалык персоналды кошкондо жалпы 152 миң 827 билим берүү кызматкери бар

Пикир

Оставить комментарий